Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 1-апрели № 116
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- 2013-жылдын II кварталында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин жарандарды жеке кабыл алуу графиги;
- 2013-жылдын II кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин – орун - басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуу графиги.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин жарандарды жеке кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн администрациялык имаратынын биринчи кабатындагы № 24 кабинетинде, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуусу - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасында жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү жарандар койгон маселелерди чечүүгө консультациялык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгондо Коомдук кабылдамага кызматтык милдеттеринин чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартууга укуктуу экендиги белигленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 1 апрелиндеги № 116 буйругу менен бекитилген |
№ | Кызматы | Кабыл алуу күнү жана айы | Кабыл алуу убактысы |
1. | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | 25-апрель. 30-май, 27-июнь | 17.00-19.00 |
2. | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри | 17-апрель, 15-май, 19-июнь | 17.00- 19.00 |
3. | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри | 24-апрель, 22-май, 26-июнь | 17.00- 19.00 |
4. | Кыргыз Республикасынын коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри | 15-апрель, 20-май, 17-июнь | 17.00- 19.00 |
5. | Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри | 10-апрель, 8-май, 12-июнь | 17.00 - 19.00 |
6. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр | 4-апрель, 18-апрель, 2-май, 16-май, 6-июнь, 20-июнь | 17.00-19.00 |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 1 апрелиндеги № 116 буйругу менен бекитилген |
№ | Кызматы | Кабыл алуу күнү жана айы | Кабыл алуу убактысы |
1. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары | 8-апрель, 22-апрель, 13-май, 27-май, 10-июнь, 24-июнь | 14.00- 16.00 |
2. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү | 9-апрель, 23-апрель, 14-май, 28-май, 11-июнь, 25-июнь | 14.00-16.00 |
3. | Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары | 10-апрель, 24-апрель, 15-май, 29-май, 12-июнь, 26-июнь | 14.00- 16.00 |
4. | Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы | 8-апрель, 22-апрель, 13-май, 27-май, 10-июнь, 24-июнь | 16.00-17.00 |
5. | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы | 11-апрель, 25-апрель, 16-май, 30-май, 13-июнь, 27-июнь | 14.00- 16.00 |
6. | Чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын өкүлү | 11 -апрель, 25-апрель, 16-май, 30-май, 13-июнь, 27-июнь | 16.00-17.00 |
7. | Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы | 12-апрель, 26-апрель, 17-май, 31-май, 14-июнь, 28-июнь | 14.00- 16.00 |
8. | Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы | 12-апрель, 26-апрель, 17-май, 31 -май, 14-июнь, 28-июнь | 16.00- 17.00 |
9. | Региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы | 4-апрель, 18-апрель, 23-май, 6-июнь, 20-июнь | 14.00- 17.00 |
10. | Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы | 9-апрель, 23-апрель, 14-май, 28-май, 11-июнь, 25-июнь | 16.00- 17.00 |
11. | Агроонер жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы | 1 -апрель, 15-апрель, 6-май, 20-май, 3-июнь, 17-июнь | 14.00- 17.00 |
12. | Социалдык өнүктүрүү белүмүнүн башчысы | 2-апрель, 16-апрель, 7-май, 21-май, 4-июнь, 18-июнь | 14.00-16.00 |
13. | Билим берүү, маданият жана спорт белүмүнүн башчысы | 2-апрель, 16-апрель, 7-май, 21 -май, 4-июнь, 18-июнь | 16.00- 17.00 |
14. | Экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы | 3-апрель, 17-апрель, 8-май, 22-май, 5-июнь, 19-июнь | 14.00 - 16.00 |
15. | Финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы | 3-апрель, 17-апрель, 8-май, 22-май, 5-июнь, 19-июнь | 16.00- 17.00 |
16. | Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы | 10-апрель, 24-апрель, 15-май, 29-май, 12-июнь, 26-июнь | 16.00-17.00 |
17. | Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы | 5-апрель, 19-апрель, 10-май, 24-май, 7-июнь, 21-июнь | 14.00- 17.00 |
18. | Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү | 5-апрель, 19-апрель, 10-май, 24-май, 7-июнь, 21-июнь | 17.00-18.00 |