Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-декабры № 577
2013-жылдын 26-29-декабрында Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2013-жылдын 18-лекабрындагы № 35040 нотасына ылайык:
1. Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясы төмөнкү курамда жиберилсин:
Мамытов Т.Е. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Өкмөттүк делегациянын жетекчиси;
|
Искандаров К.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;
|
Кутманов Н.О. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Бешимов А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
|
Мамбеталиев И.С. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
|
Касмалиев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору;
|
Баймырзаев М.Н. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
|
Усаров М.И. | - Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Эгамбердиева Ж.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Өкметунүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
|
Юсупов Б.Ю. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
|
Жолчиев Б.Д. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
|
Исабеков Н.Д. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;
|
Ботобаев К.Б. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
|
Апышев Э.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги; |
Кыдырмышев Т.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араларды делимитациялоо боюнча тобунун атташеси;
|
Бөрүбаев Н.Н. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;
|
Мурзаев А.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары. |
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |