РаспоряжениеКүчүндө

КР Премьер-министринин 2013-жылдын 24-декабрындагы № 577 (Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясын жиберүү тууралуу) буйругу

Редакция24.12.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 24-декабры № 577

2013-жылдын 26-29-декабрында Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2013-жылдын 18-лекабрындагы № 35040 нотасына ылайык:

1. Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясы төмөнкү курамда жиберилсин:

 

Мамытов Т.Е.  

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Өкмөттүк делегациянын жетекчиси;

 

Искандаров К.А.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;

 

Кутманов Н.О.

- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

 

Бешимов А.Ж.

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

 

Мамбеталиев И.С.

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

 

Касмалиев А.К.

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору;

 

Баймырзаев М.Н.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

 

Усаров М.И.

- Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Эгамбердиева Ж.Ш.

- Кыргыз Республикасынын Өкметунүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

 

Юсупов Б.Ю.

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

 

Жолчиев Б.Д.

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;

 

Исабеков Н.Д.

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;

 

Ботобаев К.Б.

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;

 

Апышев Э.К.

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги;

Кыдырмышев Т.Ж.

-    Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араларды делимитациялоо боюнча тобунун атташеси;

 

Бөрүбаев Н.Н.

-    Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;

 

Мурзаев А.М.

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев