Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 31-декабры № 591
Мамлекеттик органдардын ишин жыйынтыктары жокко чыгарылган тендерлерди (мамлекеттик сатып алууларды) өткөрүү бөлүгүндө иликтөө жана текшерүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия үч айлык мөөнөттө 2013-жылдын 1-январынан тартып 2013-жылдын 1-декабрына чейинки мезгил үчүн мамлекеттик органдардын ишин жыйынтыктары жокко чыгарылган тендерлерди (мамлекеттик сатып алууларды) өткөрүү бөлүгүндө иликтесин, алардын жокко чыгаруу себептерин талдап чыксын жана тийиштүү сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга натыйжалуу уюштуруу жана текшерүү жүргүзүү үчүн өзүнүн курамынан топчолорду түзүүгө укук берилсин.
4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ведомстволор аралык комиссияга көмөк көрсөтүшсүн жана зарыл маалыматтар менен камсыз кылышсын.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарына жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 31 декабрындагы № 591 буйругуна тиркеме |
Баяманова З.Э. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Кутманов Н.О. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Акжигит уулу М. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар методологиясы башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын катчысы. |
Комиссия мүчөлөрү:
| |
Абдыкадыров М.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык енүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; |
Айдарбеков А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Аманбаев Т.М. | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын сатып алуулар жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсепке алуу секторунун башчысы; |
Бакиров А.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Дүйшеев А.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын сатып алуулар жана чарбалык камсыздоо боюнча секторунун башчысы; |
Жумалиев К. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ички аудит кызматынын башкы адиси; |
Исаев С.Э. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти; |
Кадыркулов Б.А. | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин инфратүзүмдөр жана мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы; |
Кененсариев М.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Камсыздоо борборунун сатып алуулар бөлүмүнүн начальниги; |
Кузнецов Е.Ю. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Койлубаев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроенөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн эксперти; |
Мамажанов Б.Н. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин административдик-чарбалык камсыздоо бөлүмүнүн сатып алуулар боюнча адиси; |
Маматбеков К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансылык-чарбалык башкармалыгынын сатып алуулар, азык-түлүк жана чарбалык камсыздоо бөлүмүнүн улук инспектору; |
Молдобаев Н.К. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ички аудит бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Оморов А.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнер жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн эксперти; |
Сариева Э.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты белүмүнүн эксперти; |
Сартбаев И.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тарыхый-маданий мурастарды сактоо, мониторинг жүргүзүү жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Сулайманбеков А.Т.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка карты күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансылык полиция) кызматкери;
|
Султаналиев Э.К.
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери;
|
Сыдыгалиев Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ички аудит жана мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы;
|
Туркунбаева А.Н.
| - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин документтик камсыздоо жана административдик колдоо бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Турсункулов К.Э. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин атташеси;
|
Ускенбаева Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин аудит секторунун башчысы;
|
Шамурзаев Т.Н. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти;
|
Шарипов М.З. | - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин сатып алуулар бөлүмүнүн начальниги;
|
Шейшеканов Д.Т.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;
|
Эсенгулов МО.
| - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
|