Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2016-жылдын 11-августундагы № 457 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-марты № 127
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктуна ылайык:
1. Төмөнкү адамдар Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү болуп бекитилсин:
Орозов Талайбек Саратанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Таткулов Таалай Джумалыевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Нурбашев Таалайбек Инашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Содомбаев Жумаш Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору; |
Калилов Жамшитбек Калилович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институтунун директору; |
Ибрагимов Абдукахар Малаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин адам ресурстарын өнүктүрүү жана документ жүгүртүү башкармалыгынын начальниги; |
Тамабаева Нуриля Осмонкуловна | - | Кыргызстандын транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин социалдык-экономикалык жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча). |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 8-февралындагы № 51 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |