КР Премьер-министринин 2020-жылдын 4-июнундагы № 227 буйрукуна ылайык
күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 11-августу № 457
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктуна ылайык:
1. Төмөнкү адамдар Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү болуп бекитилсин:
Жусубалиев Азимкан Ильясович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Кубатбеков Чингиз Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Таиров Марат Марикович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Бозалаев Керимкул Шаршенович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору; |
Бариев Ырыспек Жантаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Бишкек автовокзалы" мамлекеттик ишканасынын генералдык директору; |
Чукуев Эмир Майрамбекович | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Тамабаева Нуриля Осмонкуловна | - | Кыргызстандын Транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин социалдык-экономикалык жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча). |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 17-мартындагы № 127 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |