Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-марты № 138
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эксперттик топторунун жолугушуусун өткөрүү жөнүндө Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2014-жылдын 15-мартындагы № 05/8402 нотасына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын эксперттик тобу тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин долбоорун кароо үчүн Кыргыз Республикасынын эксперттик тобу Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына 2014-жылдын 27-29-мартында жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| Дж.Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 26-мартындагы № 138 буйругуна тиркеме |
Кутманов Н.О. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, эксперттик топтун жетекчиси; |
Усаров М.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Айдарбеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Турсункулов К.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин үчүнчү катчысы; |
Абдырахманов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги. |