Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 14-марты № 122
Ош шаарынын А.Навои көчөсүнө жаңы эстакадалык көпүрөнү курууга байланыштуу пайда болгон маселелерди чечүү жана аны тез аяктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Ош шаарынын А.Навои көчөсүнө жаңы эстакадалык көпүрөнү курууга байланыштуу пайда болгон маселелердин макулдашылган чечимин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2014-жылдын 21-мартына чейинки мөөнөттө жерине чыгуу менен түзүлгөн кырдаалды иликтесин жана Ош шаарынын А.Навои көчөсүнө эстакадалык көпүрөнү куруунун альтернативалуу, аз сарпталуучу вариантын сунуштасын, ошондой эле аталган көпүрөнү куруу мезгилинде шаардык автовокзалга, телеграфка, базарга жана башка социалдык объекттерге үзгүлтүксүз каттоону камсыз кылуу боюнча сунушту даярдасын.
3. Жумушчу топ министрликтердин, административдик ведомстволордун кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ош шаарынын мэриясына жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо сунушталсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 14-мартындагы № 122 буйругуна тиркеме |
Ош шаарынын А.Навои көчөсүнө жаңы эстакадалык көпүрө курууга байланыштуу пайда болгон маселелердин макулдашылган чечимин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Борубаев Самат Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Ош шаарынын мэри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Калилов Жамшитбек Калилович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институтунун директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Акматалиев Мирбек Акматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик экспертизалар департаментинин директору; |
Ажибаев Турдубек Ажигулович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг, өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо департаментинин директору; |
Шейшеканов Данияр Турдубекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти; |
Аширбаев Таалайбек Дуйшенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Иманбеков Сейитбек Толомушевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жака жер титирөөгө туруктуу курулуш мамлекеттик илим-изилдөө долбоорлоо институтунун жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо илим изилдөө институтунун директору; |
Баетов Нурбек Бекматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгынын начальниги; |
Каратаева Уулкан Сатыбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаарынын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы врачы; |
Абдраманов Эрмек Карымшакович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарынын Өрт коопсуздугу башкармалыгынын начальниги. |