Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 11-марты № 103
Республикада, анын ичинде чек ара жанындагы уктуруу чөлкөмдөрүндө маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу максатында:
1. Республиканын маалыматтык коопсуздугун камсыздоодо өндүрүштү жөнгө салуу, кабарларды жалпыга маалымдоо жана анын калкка тийгизген таасири бөлүгүндө тиешелүү чараларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ бир жумалык мөөнөттө республиканын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү сунуштарды жана сунуштамаларды, аларды ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын Кыргыз Республиканын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 11-мартындагы № 103 буйругуна тиркеме |
Республиканын маалыматтык коопсуздугун камсыздоодо өндүрүштү жөнгө салуу, кабарларды жалпыга маалымдоо жана анын калкка тийгизген таасири бөлүгүндө тиешелүү чараларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Мамыркулов Алик Бейшенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Орозов Талайбек Саратанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Токтогулова Нурзат Анварбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Усенов Алмаз Туратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Мамбетсеитов Аман Бейшебаевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары; |
Абдылдаев Дуйшенбек Рыскулбекович | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Темирбекова Айнура Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Бекташов Чынгыз Акматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору; |
Осмоналиев Айбек Шермамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы; |
Бакиров Жетиген Жокинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; |
Шерботоев Эсен Джаанбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Кадыркулов Алмазбек Апандиевич | - | "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун президенти - башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Шаршембиев Бакыт Нуржанович | - | "Телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |