Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 28-февралы № 94
Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында 2014-жылдын 2-5-мартында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жумушчу жолугушуусун өткөрүү жөнүндө Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2014-жылдын 26-февралындагы № 20-2 (533) нотасына ылайык:
1. Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарына Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 28-февралындагы № 94 буйругуна тиркеме |
Мамытов Токтокүчүк Болотбекович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси; |
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Искандаров Курбанбай Алибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү; |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Асанов Курсан Сатарович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Мамбеталиев Искендербек Султанович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - башкы штабдын начальниги; |
Муралиев Алтынбек Амангелдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Саралаев Урмат Кадыкеевич | - | Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси; |
Жолчиев Бакир Дыйканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Сыдыков Данияр Батырович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; |
Калыков Сейитмурат Турдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими; |
Абдураимов Бекназар Элмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Ниязалиев Дастан Картаңбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин экинчи катчысы; |
Саякбаев Данияр Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин үчүнчү катчысы; |
Ботобаев Каныбек Калбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Савин Вячеслав Валерьевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын башкы инженери. |