Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 10-февралы № 60
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген өзгөчө статуска ээ болгон, Кыргыз Республикасынын айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2014-жылдын 10-16-февралында Баткен облусуна жиберилсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын жана андан ары 2014-жклдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартуу укугу берилсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
6. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык төлөнсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жана уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 10-февралындагы № 60 буйругуна тиркеме |
Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Мамытов Токон Болотбекович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Таткулов Таалай Жумалиевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомствстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Искандаров Курбанбай Алибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын өкүлү; |
Кендирбаева Догдургүл Шаршеевна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Мурзабеков Абдимамат Мурзабекович | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Байтөлөев Калмурза Эсеналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Кенжебаев Дыйканбай Бакашович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Бөрүбаев Самат Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Икрамов Санжар Икрамович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Исабеков Нарынбек Дүйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетгик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Токтошев Аскарбек Сулайманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору; |
Таштаналиев Көкүмбек Жумагулович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору; |
Орозов Талайбек Саратанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Жээналиев Алмаз Жээналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Чыныбаев Исламбек Адамкулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти; |
Масаидов Бекмаат Юлдашович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору. |