Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 12-февралы № 68
Кыргыз Республикасында мамлекеттик маанидеги документтерди жасоо боюнча мамлекеттик басмакана түзүүнүн техникалык-экономикалык талдоосун даярдоо максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда төмөнкүдөй ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында мамлекеттик маанидеги документтерди жасоо боюнча мамлекеттик басмакана түзүүнүн техникалык-экономикалык талдоосун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ мамлекеттик органдардын, мекемелердин адистерин жана көз каранды эмес эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле керектүү маалыматтарды сурап алууга укуктуу экени белгиленсин.
4. "Учкун" акционердик коомуна белгиленген тартипте төмөнкү чараларды көрүү сунушталсын:
- ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин методикалык жана уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо;
- ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине тартылган көз каранды эмес адистердин кызматына төлөөгө чыгымдарды караштыруу.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 12-февралындагы № 68 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасында мамлекеттик маанидеги документтерди жасоо боюнча мамлекеттик басмакана түзүүнүн техникалык-экономнкалык талдоосун даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Орозов Т.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Кадыркулов И.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Байгөнчөков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Уезбаев У.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти; |
Курманбаева А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Мыйзам долбоорлорун экспертизалоо башкармасынын начальниги; |
Уметалиев Н.С. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармасынын начальниги; |
Султанов Б.М. | - | "Учкун" ААКнын башкы директорунун өндүрүш боюнча кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Жамансариева Д.Б. | - | Бишкек шаарындагы № 3 кесиптик-техникалык лицейдин директору (макулдашуу боюнча); |
Носинов М.У. | - | көз каранды эмес техникалык эксперт (макулдашуу боюнча); |
Койчиев А.М. | - | көз каранды эмес техникалык эксперт (макулдашуу боюнча). |