Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 12-февралы № 67
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 22-майындагы № 232, 2015-жылдын 7-июлундагы № 292 буйруктарын редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын убактылуу кармоо жайларында медициналык кызмат көрсөтүүнүн Кыргыз Республикасы үчүн ыңгайлуу моделин куруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-ноябрындагы № 452-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоо жайларындагы адамдарга алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн базалык пакетинин сунуштоо долбоорун колдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумда көрсөтүлгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту жумушчу топтун жетекчисине квартал сайын берип турсун.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын тиешелүү адистерин белгиленген тартипте жумушка тартуута уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 12-февралындагы № 67 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын убактылуу кармоо жайларында медициналык кызмат көрсөтүүнүн Кыргыз Республикасы үчүн ыңгайлуу моделин куруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 22-майындагы № 232, 2015-жылдын 7-июлундагы № 292 буйруктарын редакцияларына ылайык)
Маматалиев Абдырахман Мадакимович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Касымбаев Нурбай Адиевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Мурзалиев Амангельды Джолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Кутуева Айбермет Бектуровна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Шыйкымбаев Саламат Капанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Шакирова Гүлмира Абидиновна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору; |
Ташкулов Тимур Дооранбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Мукеева Сүйүмжан Токторовна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун ассоциациясынын директору; |
Чалов Турсунбек Асаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Чыныбаев Болот Абдырасулович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө изоляторунун начальниги; |
Эшходжаева Анара Сагынбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу башкармалыгынын начальниги; |
Токтоналиев Рашид Рустиванович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин оперативдик талдоо башкармалыгынын оперкызматкери; |
Катя Лоренц | - | Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин делегациясынын башчысы (макулдашуу боюнча). |
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 22-майындагы № 232, 2015-жылдын 7-июлундагы № 292 буйруктарын редакцияларына ылайык)