РаспоряжениеКүчүндө

КР Премьер-министринин 2014-жылдын 24-январындагы № 37 (Тендерди жараксыз деп эсептөө жөнүндө) буйругу

Редакция24.01.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2014-жылдын 24-январы № 37

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 139-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын сот органдарына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Бишкек, Ош шаарларында жана Бишкек-Каракол автожолунда (Ысык-Көл облусу) видео-көзөмөлдөөнүн, фото- жана видеофиксациянын жана видео-таануунун программалык-аппараттык комплексин киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин алдында кылмыштарды эсепке алуунун жана каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууга өткөргөн тендерди жараксыз деп эсептөө жөнүндө доо менен кайрылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине баардык зарыл материалдарды берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Кыргыз Республикасынын финансы министрине белгиленген тартипте тийиштүү ишеним кат берсин.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев