Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 11-январы № 3
1. Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын эмгек-мигранттарынын укуктук абалына байланышкан маселелерди жөнгө салуу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ (мындан ары -жумушчу топ), ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
- Россия Федерациясындагы түзүлгөн кырдаалды чечүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек-мигранттарынын болуу шарттарын жеңилдетүү маселелери боюнча 2014-жылдын 15-17-январында Москва шаарына барып, Россия Федерациясынын компетенттүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары боюнча 2014-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясынын 17-жыйынында кароо үчүн тийиштүү сунуштарды даярдасын.
3. Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн командировкалык чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 3 буйругуна тиркеме |
Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын эмгек-мигранттарынын укуктук абалына байланышкан маселелерди жөнгө салуу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Оторбаев Эринес Мотойович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; |
Бекмурзаев Доскул Жумагулович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Арстанкулов Талант Курманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сапат жана дары-дармек саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Асанов Ибрагим Куватович | - | Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигиндеги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү; |
Бакенов Улукбек Медетбекович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин миграциялык саясат башкармалыгынын башкы адиси; |
Исмаилова Гүлсара Акимовна | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек аралык контролдоо башкармалыгынын бөлүм начальниги; |
Касымов Чыңгыз Сакымаматович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин миграциялык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Кенжебаева Райхан Солтонаевна | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын эмгек мигранттарын социалдык камсыздандыруу боюнча секторунун башчысы; |
Мамбетов Асылбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Онунчу башкы башкармалыгынын бөлүм начальниги; |
Мукамбетов Жеңишбек Уркалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тышкы байланыштар, калк жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Оролбаева Ирина Абдыевна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору; |
Ташкулов Тимур Дооранбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Шамшиев Уран Абдразакович | - | КМШга катышкан мамлекеттердин аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана башка кооптуу кылмыштардын түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо боюнча бюродогу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин туруктуу өкүлү; |
Юлдашева Парида Хайталиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти. |