Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 5-марты № 100
Тажикстан Республикасы менен чек ара аймактарында жайгашкан автомобиль жолдорун пайдалануу маселелери боюнча макулдашылган чечимди иштеп чыгуу максатында:
1. Тажикстан Республикасы менен чек ара аймактарында жайгашкан автомобиль жолдорун пайдалануу маселелерине карата макулдашылган чечимди иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чек ара аймактарында жайгашкан автомобиль жолдорун пайдалануу тартиби жөнүндө макулдашуунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топ белгиленген тартипте министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Агшаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсун.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 5 мартындагы № 100 буйругуна тиркеме |
Тажикстан Республикасы менен чек ара аймактарында жайгашкаи автомобиль жолдорун пайдалануу маселелерине карата макулдашылган чечимди иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Мурзабеков Абдимамат Мурзабекович | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
|
Кадыков Сейитмурат Турдубаевич
| Баткен облусундагы Баткен районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
Калилов Жамшитбек Калилович | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институтунун директору;
|
Алыпсатаров Мелисбек Джайчибекович | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдору башкармалыгынын начальниги;
|
Сыдыков Данияр Батырович | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштугү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
|
Эсенбаев Хамдам Асанович | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Чек араны коргоо башкы башкармалыгынын бөлүм начальниги;
|
Усенов Ашим Таирович | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин «Ош - Баткен - Исфана» автомобиль жолдору башкармалыгынын начальниги; |
Кыдыков Беккула Мендибаевич | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук инспектору;
|
Рыскулов Жыргалбек Шаршебаевич | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетектөөчү адиси. |