Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 15-майы № 69
(КР Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин - министринин
2009-жылдын 17-июлундагы № 106 буйругунун
редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50 жана 53-беренелерине ылайык:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтомуна түшүндүрмө бекитилсин.
2. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына иште колдонуу үчүн жиберилсин.
3. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчисинин-министрдин
2009-жылдын 15-майындагы
№ 69 буйругу менен
бекитилген
(КР Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин - министринин
2009-жылдын 17-июлундагы № 106 буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтому менен ТЭИ ТН 170199100 коду менен классификацияланган кантты Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө квота, ошондой эле жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде аныкталган көлөмдө белгиленген квотанын чектеринде Кыргыз Республикасынын аймагына кантты иморттоого ишканалардын укугу белгиленген.
Мында ушул токтом ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кириши жана күчүнө кирген учурдан тарып он эки ай жарактуу болоору каралган.
Демек, ушул күндөн тартып жана он эки айдын ичинде жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн ишканалар декларациялоочу көлөмдөрдү кошпогондо, ТЭИ ТН 170199100 коду менен классификацияланган кантты Кыргыз Республикасына ташып кирүү "Эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу" бажылык режиминде бажылык тариздөөгө жол берилбейт.
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 2-пунктуна ылайык мыйзамдык нормативдик актылардын мааниси мыйзамга ылайык түшүндүрүлөт жана такталат.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 3 жана 383-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин 1-пунктуна ылайык жарандык мыйзам актылары өткөн убакытка карата күчүнө кирбейт жана алар колдонууга киргизилгенден кийин пайда болгон мамилелерге карата колдонулат. Түздөн түз мыйзамда каралса гана мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин пайда болгон мамилелерге карата колдонулат.
Жарандык мыйзам актылары колдонууга киргизилгенге чейин түзүлгөн келишим боюнча тараптардын мамилелерин кошпогондо, жарандык мыйзам актылары колдонууга киргизилгенге чейин пайда болгон мамилелерде ал колдонууга киргизилгенге чейин пайда болгон укуктарга жана милдеттерге карата колдонулат. Эгерде келишим түзүлгөндөн кийин тараптар үчүн келишим түзүлгөндө колдонулган эрежелерден башка милдеттүү эрежелерди белгилеген мыйзам кабыл алынса, мурда түзүлгөн келишимдерден пайда болгон мамилелерге колдонулаары мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, түзүлгөн келишимдин шарттары өз күчүн жоготпойт.
Жогоруда аталган токтом "Эркин Тоо" гезитинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 24 санында жарыяланган.
Баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтому ал күчүнө киргенге чейин пайда болгон жарандык укуктук мамилелерге карата колдонулбайт, башкача айтканда:
2009-жылдын 10-апрелине чейин (кошо эсептегенде) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн;
2009-жылдын 10-апрелине чейин (кошо эсептегенде) түшүрүлгөн жана жолдо болгон;
2009-жылдын 10-апрелине чейин (кошо эсептегенде) төлөнгөн жана/же жеткирүүсү төлөнгөн ТЭИ ТН 1701 99 100 коду менен классификациялануучу кантка карата колдонулбайт.