Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 3-июлу № 97
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин XI бөлүмүнө ылайык:
1. «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 19-пунктуна тиркелген түшүндүрмө бекитилсин.
2. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министрдин
2009-жылдын 3-июлундагы № 97
буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 19-пункту менен жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун белгиленген тартипте акысыз алган Кыргыз Республикасынын жараны беш жыл бою аны ээликтен ажыратуу боюнча жарандык-укуктук бүтүм түзүүгө укуксуз экендиги белгиленген.
Ушуга байланыштуу Башкы прокуратура төмөнкүлөргө түшүндүрмө берүүнү суранган:
- жер участокту белгиленген тартипте алууну (жогоруда аталган Жобонун 19- пунктунун редакциясына ылайык) кайсы мезгилден тартып эсептөө керек: тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын токтому чыккан же болбосо жер бөлүп берүү жөнүндө токтом жана жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт каттоодон өткөн учурдан тартыпбы?
- жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду бөлүү жөнүндө токтом боюнча жогоруда аталган Жобо күчүнө киргенге чейин жарандар алган, бирок каттоо органында өз укуктарын ал мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенден кийин каттоодон өткөргөн жер участокторду сатууга тыюу салынабы? Мисалы, жеке турак жай куруу үчүн жер участокту бөлүү жөнүндө токтом 2005-жылдын 25-апрелинде чыгып, ал эми жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыкта жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт 2005-жылдын 26-апрелинде катталса;
- жогоруда аталган Жобо күчүнө киргенге чейин жарандар алган жана ал мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенге чейин каттоо органында өзүнүн укуктарын каттоодон өткөргөн жер участокторду сатууга тыюу салынабы? Мисалы, жеке турак жай куруу үчүн жер участокту бөлүү жөнүндө токтом 2005-жылдын 25-апрелинде чыгып, ал эми жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыкта жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт 2006-жылдын 10- августунда катталса. Сатууга беш жылдык тыюу аларга жайылтылабы?
Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 19-пунктунун редакциясы чыккан күндөн тартып өзгөргөн эмес жана төмөнкүлөрдү караштыраарын белгилей кетүү зарыл:
«19. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун аныкталган тартипте акысыз алган Кыргыз Республикасынын жараны беш жыл бою аны башкага берүү боюнча жарандык-укуктук бүтүм түзүүгө укуксуз.«.
Ушуга байланыштуу бул норманы төмөнкүдөй түшүнүү жана колдонуу керек.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесине ылайык менчик укугу - бул өзүнө тиешелүү мүлккө өзү каалагандай ээлик кылууга, аны пайдаланууга жана тескөөгө субъекттин мыйзам актылары тарабынан таанылуучу жана корголуучу укуктары.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 7-беренесине ылайык, мыйзамда башкача белгиленбеген учурда, мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон мүлк укугу бул мүлк же ага тиешелүү укуктар катталган учурдан тартып келип чыгат.
Жарандык укуктар анын ичинде келишимдерден жана башка бүтүмдөрдөн, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынан, ошондой эле сот чечиминен келип чыгат.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 24 жана 25-беренелерине ылайык кыймылсыз мүлккө менчик укугу бирдиктүү мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
Мамлекеттик каттоо тартиби кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө мыйзам менен белгиленет.
«Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (4-берене) менчик укугу каттоодон өтүүгө милдеттүү экени белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 181-беренесине ылайык бүтүмдөн келип чыгуучу укуктардын мамлекеттик каттоосу жок болсо ал жараксыз деп эсептелет. Мындай бүтүм жокко эсе, ал эми укугу - жараксыз.
Демек, кыймылсыз объект катары жер участокко менчик укугу каттоо органдарында укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды бирдиктүү реестрге киргизүү күнүнөн тартып пайда болот.
Бул Жобону көңүлгө алуу менен, кыймылсыз мүлк, анын ичинде жер участогу боюнча жарандык-укуктук бүтүмдөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы берген кыймылсыз мүлккө, анын ичинде жер участокко менчик укуктарын каттоодон кийин ишке ашырылышы мүмкүн. Жер участокко укуктар мамлекеттик каттоодон өтпөсө менчик укугу пайда болбойт. Демек, тиешелүү каттоосуз кыймылсыз мүлк боюнча жарандык-укуктук бүтүмдөр жокко эсе, ал эми укугужараксыз болуп эсептелет.
Аталган Жобонун 19-пункту Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын козгоп жаткандыктан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 41-беренесинин талаптарын эске алуу менен Жобонун көрсөтүлгөн нормасын колдонуунун милдеттүү шарты аны жарыялоо болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобо «Эркин Тоо» газетасында 2005-жылдын 13-майында расмий жарыяланганын белгилейбиз.
Ошентип токтом жана Жобо 2005-жылдын 13-майында күчүнө кирген жана ушул күндөн тартып Жобо колдонууга жатат. Мында актынын жоболору аталган токтом күчүнө киргенден кийин пайда болгон укуктук мамилелерге тарайт жана ал колдонууга киргенге чейин пайда болгон укуктук мамилелерге жайылтылбайт. Башкача айтканда жер участок берилип, ал эми укук Жобо күчүнө киргенге чейин катталган болсо, анда бул жарандык-укуктук бүтүмдү ишке ашырууга беш жылдык чектөө колдонулбайт.