Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 28-июлу № 112
Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык соту "Дагас-Сити" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-ноябрындагы № 557 "Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан эс алуу базаларын жана туристтик комплекстерди куруу үчүн жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 30 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтомун мыйзамсыз деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата берилген доо арызын кароого алгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентинин 97-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Жерлерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясынын начальнигинин орун басары Байтилешов Кадырбек Айбашовичке "Дагас-Сити" жоопкерчилиги чектелген коомунун жогоруда аталган доо арызы боюнча бардык соттук инстанциялардагы сот жыйындарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |