Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 14-майы № 434
Ички иштер органдарынын системасын реформалоо боюнча Грузиянын оң тажрыйбаларын иликтөө максатында:
1. 2012-жылдын 13-16-майында Кыргыз Республикасынын делегациясы Грузиянын Тбилиси шаарына тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо боюнча Программанын алкагында Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун борбору тарабынан төлөнүүчү транспорттук чыгымдарды кошпогондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
|
| Тиркеме |
Рысалиев З.К. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри (делегациянын жетекчиси); |
Шайназаров Т.У. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Бекешев Д.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин укуктук тартип жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Мурашев Н.М. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Абдыжалиев Б.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча укук коргоо, күч жана башка органдарын координациялоо секторунун башчысы; |
Исаев Т.К. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын начальниги; |
Батырканов К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги; |
Салиев Э.М. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтык саясат жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Юсупханов А.Ю. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешевди коштоочу адам, макулдашуу боюнча); |
Сулайманова М.А. | - | Бишкек шаарындагы ОБСЕ борборунун Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо боюнча Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун программасынын ассистенти (макулдашуу боюнча). |