Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-майы № 466
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары системасын реформалоонун артыкчылыктуу жолдорун иштеп чыгуу боюнча күч-аракеттерди оптималдаштыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары системасын реформалоо маселелери боюнча жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тиркемеде көрсөтүлгөн кызматкерлерди 2012-жылдын 28-майынан тартып кызмат орундарын сактоо менен өзгөчө буйрук чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө командировкага жиберсин.
3. Жумушчу топтун жетекчиси (Абдыжалиев Б.Р.) 2012-жылдын июнь-сентябрына топтун Иш планынын долбоорун иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
|
| Тиркеме |
Абдыжалиев Б.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча укук коргоо, күч жана башка органдарды координациялоо секторунун башчысы; |
Казаков Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтык саясат жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Карачалов М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Молдобаев Т.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Онунчу башкы башкармалыгынын экстремизмге жана улуттар аралык чыр-чатактарга каршы аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Бийбосунов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери; |
Сулайманов Н.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансы-чарбалык башкармалыгынын эмгек жана эмгек акы төлөө бөлүмүнүн начальниги; |
Айбашев Р.Т. | - | Онунчу башкы башкармалыктын оперативдик-техникалык камсыздоо жана киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн оперкызматкери. |