Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 26-майы № 469
(КР Премьер-министринин 2013-жылдын 13-мартындагы № 88, 2013-жылдын 2-декабрындагы № 538, 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 106, 2017-жылдын 29-мартындагы № 234 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 729 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө жобонун 21-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкү адамдар бекитилсин:
Леписова Кенджекуль Сеналыевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун бухгалтердик эсеп жана талдоо бөлүмүнүн начальниги; |
Жумалиев Зайнидин Калидинович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын начальниги; |
Кылычев Алга Зарипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун "Дан" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; |
Курманов Кубанычбек Капарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун өнүктүрүү жана координациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Сатывалдиев Асылбек Владимирович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн эксперти; |
(КР Премьер-министринин 2013-жылдын 13-мартындагы № 88, 2013-жылдын 2-декабрындагы № 538, 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 106, 2017-жылдын 29-мартындагы № 234 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 11-августундагы № 26 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |