Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 645 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-декабры № 729
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы №218, 2011-жылдын 5-июлундагы №359 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11, 12-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун укук мурастоочусу болуп эсептелээри белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" жөнүндө токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-майындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 538 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун иш-аракетин өркүндөтүү жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 токтомунун 5-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 729 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы №218, 2011-жылдын 5-июлундагы №359 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
┌─────────────────────────────────┐
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө │
│караштуу Мамлекеттик материалдык │
│ резервдер фонду │ ┌────────┐
│ (борбордук аппараты) ├───────>│Коллегия│
└───────────────┬─────────────────┘ └────────┘
┌──────────────────────┐ │ ┌────────────────────────┐
│ Борбордук │<─────────┼─────────>│ Түштүк аймактык │
│ база │ │ │ башкармалыгы │
└──────────────────────┘ │ └────────────────────────┘
┌──────────────────────┐ │ ┌────────────────────────┐
│ Атайын медициналык │<─────────┼─────────>│ Түндүк аймактык │
│ камсыздоо базалары │ │ │ башкармалыгы │
└──────────────────────┘ │ └────────────────────────┘
┌──────────────────────┐ │ ┌────────────────────────┐
│ "Ак-Толкун" │<─────────┴─────────>│ "Дан" мамлекеттик │
│ пансионаты │ │ ишканасы │
└──────────────────────┘ └────────────────────────┘