КР Премьер-министринин 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 166 буйругуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-июну № 519
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 425 буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбула төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык:";
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Муратов Абдиманнап Аттокурович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Токтогулов Асылбек Токтогулович - Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин республикалык профсоюз комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын курамынан М.Ж.Үсөналиев, А.Т.Абеков чыгарылсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |