Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-февралы № 119
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 162, 2014-жылдын 3-июнундагы № 298, 2015-жылдын 15-сентябры № 639, 2015-жылдын 31-декабры № 897, 2016-жылдын 18-мартындагы N 133, 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 485, 2017-жылдын 15-августундагы № 481, 2017-жылдын 30-августундагы № 545 , 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 186 , 2018-жылдын 24-июлундагы № 341 токтомдоруна ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 787 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 481, 2017-жылдын 30-августундагы № 545, 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 186, 2018-жылдын 24-июлундагы № 341 токтомдорунун редакцияларына ылайык)