Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 340 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-августу № 630
Облустук телерадиокомпаниялардын жана облустук гезиттердин редакцияларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүндөгү өзгөрүүнү эске алып жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 17-пунктун жетекчиликке алып:
1. Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустарында облустук телерадиокомпаниялар жана Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас, Чүй облустук гезиттеринин редакциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратынын карамагына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин сунушу боюнча облустук телерадиокомпаниялардын жана облустук гезиттердин редакцияларынын жетекчилерин кызматына дайындоо жана кызматынан бошотуу боюнча облустардагы ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты облустук телерадиокомпаниялардын жана облустук гезиттердин редакцияларынын жоболорунун (уставдарынын), алардын түзүмдөрүнүн жана штаттык санынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жүктөлсүн.
Премьер-министрин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |