Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-июну № 340
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабры № 834, 2019-жылдын 27-августундагы № 430 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-декабры № 834 токтомдун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22- августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 12-пункттагы «54», «22» жана «104» деген цифралар тиешелүү түрдө «45», «33» жана «102» деген цифраларга алмаштырылсын.
4. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-декабры № 834 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкү мазмундагы позиция менен толукталсын:
«Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти».
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментин каржылоого республикалык бюджетте зарыл болгон финансылык каражат карасын;
- «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015 -2016 - жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө аталган финансы каражаттарын карасын.
7. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 30-августундагы № 630 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 430 токтомунун редакциясына ылайык)