Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 154-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-августу № 631
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 16-июлундагы № 315, 2019-жылдын 24-майындагы № 251, 2 декабря 2019 года № 681 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" токтомуна ылайык:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмү 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын штаттык расписаниеси 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмү 4-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын штаттык расписаниеси 5-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмү 6-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын штаттык расписаниеси 7-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмү 8-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын штаттык расписаниеси 9-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмү 10-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын штаттык расписаниеси 11-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмү 12-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын штаттык расписаниеси 13-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмү 14-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын штаттык расписаниеси 15-тиркемеге ылайык.
Премьер-министри милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты) мамлекеттик орган болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) ишин камсыз кылуу үчүн түзүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктары, ошондой эле ушул Жобо түзөт.
3. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты юридикалык жактын статусуна ээ болот, анын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү жана мамлекеттик, расмий тилдердеги аталышы болот.
2. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын негизги иши
4. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын негизги иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишин камсыз кылуу болуп эсептелет.
3. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын негизги милдеттери жана функциялары
5. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишин уюштуруучулук, укуктук, эксперттик-аналитикалык жана маалыматтык камсыздоо;
2) облустагы мамлекеттик аткаруу бийлигинин аймактык органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча ишин координациялоону, мониторинг кылууну жана контролдоону камсыз кылууну уюштуруу.
6. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү негизги функцияларды жүргүзөт:
1) белгиленген аймакта мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министрдин) чечимдеринин аткарылышын камсыз кылууну уюштуруу;
2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана Премьер-министрдин чечимдерин мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин аткаруусуна системалуу мониторинг, талдоо жана контролдоо жүргүзүү;
3) облустун чегинде аймактарды комплекстүү өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну, анын ичинде атаандаштыкты өнүктүрүү жана региондун товардык рыногундагы натыйжалуу атаандаштык чөйрөсүн түзүү боюнча ырааттуу чараларды, ошондой эле аймакты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартууну райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка кызыкдар тараптар менен биргелешип уюштуруу;;
4) облустун ресурстарын өстүрүүнүн туруктуу механизмдерин түзүү боюнча сунуштарды даярдоо менен облусту комплекстүү өнүктүрүүгө мониторинг кылуу жана талдоо;
5) бекитилген индикаторлор боюнча мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоону уюштуруу жана баалоо системасын өркүндөтүү боюнча тиешелүү сунуштарды киргизүү;
6) керектөөчүлөрдүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуусунун натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн көтөрүүгө багытталган чараларды координациялоо боюнча иштерди уюштуруу;
7) облусту кадрдык камсыздоонун абалына, коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча укук коргоо органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү;
8) облуста мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) токтомдорунун жана буйруктарынын, Премьер-министрдин буйруктарынын аткарылышын текшерүү учурунда Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары менен эриш-аркак иштөөнү камсыз кылууну уюштуруу;
9) облустун аймагында укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча укук коргоо органдарынын ишин координациялоону камсыз кылууну уюштуруу;
10) өзгөчө кырдаалдын, бөөдө кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепетин жоюу боюнча иш-чараларды координациялоону уюштуруу;
11) облусту социалдык жана маданий өнүктүрүү чөйрөсүндөгү маселелерди мониторингдөө жана координациялоо;
12) ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, уюмдар жана мекемелер, эл аралык жана улуттук уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иштөөсүн уюштуруу жана камсыз кылуу, ошондой эле ачык-айкындуулукту, облустун калкынын маалыматтуу болушун камсыз кылуу;
13) мыйзамдардын алкагында ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткаруу.
4. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын ыйгарым укуктары
7. Ушул Жободо каралган милдеттерге жетишүү жана функцияларды аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты төмөнкүдөй укуктарга ээ болот:
1) тиешелүү маалыматтарды жана материалдарды мамлекеттик органдардан, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте сурап алууга;
2) ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды облустагы аймактык мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына берүүгө;
3) облустагы жагдай боюнча тиешелүү маалыматтык-аналитикалык материалдарды бар болгон проблемаларды жана аларды чечүүнүн болжолдуу жолдорун көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу өкүлгө даярдап берүүгө;
4) Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Премьер-министрдин буйруктарынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн буйруктардын жана тескемелердин долбоорлорун даярдоого;
5) Конституцияга, мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келген учурда же адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндигин бузган учурда облустун чегинде колдонулуучу аткаруу бийлигинин аймактык органдарынын актыларын колдонууну токтотуу жөнүндө сунушту Премьер-министрдин кароосуна киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу өкүлгө даярдоого;
6) ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды жана топторду белгиленген тартипте түзүүгө жана алардын ишин камсыз кылууга;
7) ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча белгиленген тартипте кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө;
8) ыйгарым укуктуу өкүлдүн чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаган аймактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
9) ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча облуста текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
10) тиешелүү тапшырмаларды, жарандардын арыздарын жана кайрылууларын аткаруу жана карап чыгуу үчүн аймактык мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберүүгө;
11) жарандарды кабыл алууну, жарандардын каттарын, кайрылууларын жана арыздарын кароону уюштурууга, бул кайралуулар боюнча жетекчиликтин тапшырмаларынын аткарылышын контролдоого, арыз ээлерине жоопторду даярдоого;
12) облустагы мамлекеттик бийлик органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине катышуу үчүн компетенциясынын алкагында ыйгарым укуктуу өкүлгө тиешелүү материалдарды даярдоого;
13) эл аралык делегациялардын жана уюмдардын, өкмөттүк эмес жана диний уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алуу боюнча уюштуруучулук иш-чараларды жүргүзүүгө;
14) татыктуу талапкерлерди мамлекеттик сыйлыктар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоого, аларга Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын, ошондой эле класстык чиндерди ыйгарууга белгиленген тартипте сунуш кылуу жөнүндө материалдарды ыйгарым укуктуу өкүлгө даярдоого;
15) ыйгарым укуктуу өкүлдүн иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууга, ошондой эле жашырындуулук режимин сактоого жана мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында корголгон башка маалыматтарды коргоого;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды аткарууга.
5. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын түзүмү
8. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын түзүмүн Премьер-министр бекитет.
9. Ыйгарым укуктуу өкүл өзүнүн орун басарларынын жана аппараттын жетекчисинин ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, ошондой эле өзүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет.
10. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү өз ара эриш-аркак иштейт.
11. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болуп эсептелет.
12. Ушул Жободо жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболордо аныкталган компетенциянын чегинде ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жооптуу кызматкерлери аймактык мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле жарандар менен мамиледе анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп эсептелет.
13. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери өз ишинин маселелери боюнча аткаруу бийлигинин аймактык органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын кабыл алуусунда кечиктирилбестен болууга укуктуу, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин бардык аймактык мамлекеттик органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу.
14. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн укуктарын ишке ашырат, милдеттерин аткарат жана жоопкерчилик тартат.
15. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналынын штатын белгиленген нормаларга ылайык жана эмгек акы төлөөнүн тиешелүү фондусунун чегинде ыйгарым укуктуу өкүл түзөт же анын тапшырмасы боюнча Аппарат жетекчиси түзөт.
6. Башка жоболор
16. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
17. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн Аппаратын кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ТҮЗҮМҮ
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ШТАТТЫК РАСПИСАНИЕСИ
N | Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматтардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү | 1 |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары | 1 |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары | 1 |
4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси | 1 |
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси | 1 |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы | 1 |
7 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы | 1 |
| Региондук өнүктүрүү бөлүмү | 6 |
8 | Бөлүм башчы | 1 |
9 | Башкы адис | 3 |
10 | Жетектөөчү адис | 2 |
| Уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмү | 6 |
11 | Бөлүм башчы | 1 |
12 | Башкы адис | 2 |
13 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Укуктук камсыздоо жана кадрлар сектору | 2 |
14 | Сектор башчы | 1 |
15 | Башкы адис | 1 |
| Социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмү | 5 |
16 | Бөлүм башчы | 1 |
17 | Башкы адис | 2 |
18 | Жетектөөчү адис | 2 |
| Укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү | 4 |
19 | Бөлүм башчы | 1 |
20 | Башкы адис | 2 |
21 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүм | 5 |
22 | Бөлүм башчы | 1 |
23 | Башкы адис | 2 |
24 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасы | 1 |
25 | Башкы адис | 1 |
| Жыйынтыгы: | 33 |
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ТҮЗҮМҮ
5-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ШТАТТЫК РАСПИСАНИЕСИ
N | Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматтардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү | 1 |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары | 1 |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары | 1 |
4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси | 1 |
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы | 1 |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы | 1 |
| Региондук өнүктүрүү бөлүмү | 9 |
7 | Бөлүм башчы | 1 |
| Агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу сектору |
|
8 | Сектор башчы | 1 |
9 | Башкы адис | 1 |
10 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Экономика, инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыштар сектору |
|
11 | Сектор башчы | 1 |
12 | Башкы адис | 1 |
13 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар сектору |
|
14 | Сектор башчы | 1 |
15 | Башкы адис | 1 |
| Уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмү | 7 |
16 | Бөлүм башчы | 1 |
17 | Башкы адис | 2 |
18 | Жетектөөчү адис | 2 |
| Укуктук камсыздоо жана кадрлар сектору | 2 |
19 | Сектор башчы | 1 |
20 | Башкы адис | 1 |
| Социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмү | 6 |
21 | Бөлүм башчы | 1 |
22 | Башкы адис | 3 |
23 | Жетектөөчү адис | 2 |
| Укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү | 4 |
24 | Бөлүм башчы | 1 |
25 | Башкы адис | 2 |
26 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүм | 5 |
27 | Бөлүм башчы | 1 |
28 | Башкы адис | 2 |
29 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасы | 1 |
30 | Башкы адис | 1 |
| Жыйынтыгы: | 37 |
6-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ТҮЗҮМҮ
7-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ШТАТТЫК РАСПИСАНИЕСИ
N | Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматтардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү | 1 |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары | 1 |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары | 1 |
4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси | 1 |
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы | 1 |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы | 1 |
| Региондук өнүктүрүү бөлүмү | 8 |
7 | Бөлүм башчы | 1 |
8 | Башкы адис | 2 |
9 | Жетектөөчү адис | 2 |
| Туризм жана инвестицияларды тартуу сектору | 3 |
10 | Сектор башчы | 1 |
11 | Башкы адис | 1 |
12 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмү | 6 |
13 | Бөлүм башчы | 1 |
14 | Башкы адис | 2 |
15 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Укуктук камсыздоо жана кадрлар сектору | 2 |
16 | Сектор башчы | 1 |
17 | Башкы адис | 1 |
| Социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмү | 5 |
18 | Бөлүм башчы | 1 |
19 | Башкы адис | 2 |
20 | Жетектөөчү адис | 2 |
| Укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү | 4 |
21 | Бөлүм башчы | 1 |
22 | Башкы адис | 2 |
23 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүм | 4 |
24 | Бөлүм башчы | 1 |
25 | Башкы адис | 1 |
26 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасы | 1 |
27 | Башкы адис | 1 |
| Жыйынтыгы: | 33 |
8-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ТҮЗҮМҮ
9-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ШТАТТЫК РАСПИСАНИЕСИ
N | Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматтардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү | 1 |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары | 1 |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары | 1 |
4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси | 1 |
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы | 1 |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы | 1 |
| Региондук өнүктүрүү бөлүмү | 7 |
7 | Бөлүм башчы | 1 |
8 | Башкы адис | 3 |
9 | Жетектөөчү адис | 3 |
| Уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмү | 7 |
10 | Бөлүм башчы | 1 |
11 | Башкы адис | 3 |
12 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Укуктук камсыздоо жана кадрлар сектору | 2 |
13 | Сектор башчы | 1 |
14 | Башкы адис | 1 |
| Социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмү | 5 |
15 | Бөлүм башчы | 1 |
16 | Башкы адис | 2 |
17 | Жетектөөчү адис | 2 |
| Укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү | 4 |
18 | Бөлүм башчы | 1 |
19 | Башкы адис | 2 |
20 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүм | 4 |
21 | Бөлүм башчы | 1 |
22 | Башкы адис | 1 |
23 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасы | 1 |
24 | Башкы адис | 1 |
| Жыйынтыгы: | 33 |
10-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ТҮЗҮМҮ
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 16-июлундагы № 315 буйругунун редакциясына ылайык )
11-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ШТАТТЫК РАСПИСАНИЕСИ
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 16-июлундагы № 315 буйругунун редакциясына ылайык )
N | Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматтардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү | 1 |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары | 1 |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары | 1 |
4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси | 1 |
5 | КР Премьер-министринин 2014-жылдын 16-июлундагы № 315 буйругуна ылайык күчүн жоготту | |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы | 1 |
7 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы | 1 |
| Региондук өнүктүрүү бөлүмү | 8 |
8 | Бөлүм башчы | 1 |
9 | Башкы адис | 2 |
10 | Жетектөөчү адис | 3 |
Агроөнөр жай комплекси жана экология сектору | 2 | |
10-1 | Сектор башчы | 1 |
10-2 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмү | 7 |
11 | Бөлүм башчы | 1 |
12 | Башкы адис | 3 |
13 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Укуктук камсыздоо жана кадрлар сектору | 2 |
14 | Сектор башчы | 1 |
15 | Башкы адис | 1 |
| Социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмү | 6 |
16 | Бөлүм башчы | 1 |
17 | Башкы адис | 1 |
18 | Жетектөөчү адис | 1 |
Билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты сектору | 4 | |
18-1 | Сектор башчы | 1 |
18-2 | Башкы адис | 1 |
18-3 | Жетектөөчү адис | 2 |
| Укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү | 5 |
19 | Бөлүм башчы | 1 |
20 | Башкы адис | 3 |
21 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүм | 4 |
22 | Бөлүм башчы | 1 |
23 | Башкы адис | 1 |
24 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасы | 1 |
25 | Башкы адис | 1 |
| Жыйынтыгы: | 37 |
12-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ТҮЗҮМҮ
13-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ШТАТТЫК РАСПИСАНИЕСИ
N | Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматтардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү | 1 |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары | 1 |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары | 1 |
4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси | 1 |
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы | 1 |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы | 1 |
| Региондук өнүктүрүү бөлүмү | 7 |
7 | Бөлүм башчы | 1 |
8 | Башкы адис | 2 |
9 | Жетектөөчү адис | 2 |
| Агрардык өнүктүрүү сектору | 2 |
10 | Сектор башчы | 1 |
11 | Башкы адис | 1 |
| Уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмү | 7 |
12 | Бөлүм башчы | 1 |
13 | Башкы адис | 2 |
14 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Укуктук камсыздоо жана кадрлар сектору | 2 |
15 | Сектор башчы | 1 |
16 | Башкы адис | 1 |
| Социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмү | 5 |
17 | Бөлүм башчы | 1 |
18 | Башкы адис | 2 |
19 | Жетектөөчү адис | 2 |
| Укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү | 4 |
20 | Бөлүм башчы | 1 |
21 | Башкы адис | 2 |
22 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүм | 4 |
23 | Бөлүм башчы | 1 |
24 | Башкы адис | 1 |
25 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасы | 1 |
26 | Башкы адис | 1 |
| Жыйынтыгы: | 33 |
14-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ТҮЗҮМҮ
(КР Премьер-министринин 2019-жылдын 24-майындагы № 251 буйругунун редакциясына ылайык)
15-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ШТАТТЫК РАСПИСАНИЕСИ
(КР Премьер-министринин 2019-жылдын 24-майындагы № 251 буйругунун редакциясына ылайык)
N | Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматтардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү | 1 |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары | 1 |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары | 1 |
4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси | 1 |
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы | 1 |
5-1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси | 1 |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы | 1 |
| Региондук өнүктүрүү бөлүмү | 9 |
7 | Бөлүм башчы | 1 |
8 | Башкы адис | 3 |
9 | Жетектөөчү адис | 2 |
| Агрардык өнүктүрүү сектору | 3 |
10 | Сектор башчы | 1 |
11 | Башкы адис | 1 |
12 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмү | 7 |
13 | Бөлүм башчы | 1 |
14 | Башкы адис | 2 |
15 | Жетектөөчү адис | 2 |