Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-сентябры № 707
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2012-жылдын 24-28-сентябрында болуучу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Тиркеме
Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
Азыранкулов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Дуйшебаев Б.О. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси;
Кудайбергенов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрация башчысы аким;
Осмоналиев А.Д. - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору;
Касмалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору;
Момбеков А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
Катанаев А.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары;
Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;
Камбаралиев Б.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны сактоо жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери;
Жакыпов Б.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;
Мандычев Н.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги;
Кененсариев А.А. - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Орозбаев М.С. - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Мамбетов Ш.А. - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).