Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-ноябры № 838
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо боюнча кеңештин № 1 чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн оперативдүү чечимдерин кабыл алууну талап кылган өзгөчө окуялар жана кырдаалдар жөнүндө маалыматты өз убагында берүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына караштуу Коомдук-саясий жагдайды иликтөө жана мониторингдөө боюнча маалыматтык-аналитикалык штаб (мындан ары - Штаб) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына караштуу Коомдук-саясий жагдайды иликтөө жана мониторингдөө боюнча маалыматтык-аналитикалык штаб жөнүндө тиркелген убактылуу жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын карамагына кызматкерлерди белгиленген тартипте командировкага жиберишсин;
- командировкага жиберилген кызматкерлерди зарыл болгон оперативдүү байланыш каражаттары, жерлердин карталары, телефондук маалымдамалар жана башка маалымдамалык маалыматтар менен камсыз кылышсын;
- күн сайын саат 09.00дөн 19.00гө чейин, ал эми кечиктирбестен берүүнү талап кылган учурларда тез арада, түзүлгөн коомдук-саясий, ошондой эле криминогендик жана өзгөчө кырдаалдар жана окуялар жөнүндө байланыш офицери аркылуу маалымдоону нөөмөтчү бөлүктөргө жана оперативдик штабдарга милдеттендиришсин;
- зарыл болгон учурда резервдик байланыш офицерлерин командировкага жиберүүнү караштырышсын.
4. Штабдын жетекчиси республикада болуп жаткан процесстер жөнүндө маалыматты, коомдук-саясий, криминогендик жана өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтык билдирүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине министрге күн сайын берип турууну камсыз кылсын.
5. Бул буйруктун aткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине - министрге жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, маалыматтык-аналитикалык штабдын жетекчиси.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, маалыматтык-аналитикалык штабдын жетекчисинин орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
өкүлдөр:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы);
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы;
өкүлдөр:
- Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары |
| М.Мукамбетов |
|
| 2-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 2-ноябрындагы № 838 буйругу менен бекитилген |
1. Негизги жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына караштуу Коомдук-саясий жагдайды иликтөө жана мониторингдөө боюнча маалыматтык-аналитикалык штаб (мындан ары - Штаб) убактылуу орган болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий жагдай жөнүндө келип түшкөн маалыматты оперативдүү жыйноо, жалпылоо жана талкуулоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) ишин камсыз кылат.
2. Штаб өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Штабдын курамына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Чүй облусундагы ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрү (мындан ары - байланыш офицерлери) кирет.
4. Байланыш офицерлери Өкмөттүн Аппаратынын карамагына белгиленген тартипте командировкага жиберилет жана өзгөчө тескемеге чейин болушат.
2. Штабдын милдеттери жана функциялары
5. Штабдын негизги милдети болуп Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисин - министрди маалыматтык-аналитикалык камсыздоо эсептелет.
6. Штабдын негизги функциясы болуп Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий жагдай жөнүндө маалыматты жыйноо, жалпылоо жана талдоо, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри үчүн маалыматтык билдирүүлөрдү даярдоо эсептелет.
3. Штабдын ыйгарым укуктары
7. Штаб коюлган милдеттердин жана функциялардын алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан маалыматты белгиленген тартипте суроого жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин Штабдын ишине тартууга;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасы боюнча оперативдүү маселелерди талкуу жана сунуштарды берүү менен чечүү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырууга.
4. Штабдын жетекчилиги жана кызматкерлери
8. Штабдын жетекчиси болуп Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы эсептелет, ал Штабдын ишин жалпы координациялоону жүргүзөт.
9. Штабдын жетекчисинин орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси эсептелет.
10. Штабдын кызматкерлери болуп ушул Жобонун 3-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын байланыш офицерлери эсептелет, алар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик органдар менен туруктуу байланышты камсыз кылат, маалыматты сурайт жана Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий жагдайдын абалы жөнүндө күн сайын жалпыланган маалыматты даярдайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары |
| М.Мукамбетов |