Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 12-декабры № 894
Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2012-жылдын 8-декабрындагы № 20-1 (1376) нотасына ылайык:
1. Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин алкагында Кулунду - Максат автомобиль жолунун участогун жана көпүрөлөрдү куруу жөнүндө маселелерди кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы тиркемеге ылайык курамда 2012-жылдын 13-16-декабрында Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Худжант шаарына жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Тиркеме |
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, делагациянын жетекчиси; |
Искандаров Курбанбай Алибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чек араларды делимитациялоо маселеси боюнча атайын өкүлү; |
Касмалиев Ажыбек Кадыркулович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Абдураимов Бекназар Элмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Эратов Саитжан Саматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Хамраев Абдывали Набиевич | - | Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары; |
Хамидов Айтбай Хамидович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Сүлүктү-Лейлек аймактык жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Саякбаев Данияр Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эл аралык-укук департаментинин үчүнчү катчысы. |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
| Н.Момуналиев |