Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 8-январы № 1-б
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объектисин куруу үчүн жер участогун берүү шарттары жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Элчинин дипломатиялык миссиясынын жана резиденциясынын имараттарын куруу үчүн жерлерди пайдалануу укугу жөнүндө макулдашуунун расмий тилдеги (өз аралык принциби) долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басарына жогоруда аталган макулдашуулардын долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтү,
эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелерди чыңдоо, Сауд Арабиясы Королдугунун Элчилигинин Кыргыз Республикасында болушуна жана иштешине тиешелүү шарттарды түзүүнү камсыздоо максатында төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Элчилигинин объектисин Сауд Арабиясы Королдугунда куруу боюнча Сауд Арабиясы Королдугунун Эр-Рияд шаарынын дипломатиялык кварталында жайгашкан 6340 кв.м аянттагы жер участогун Сауд Арабиясы Тарап Кыргыз Тарапка 49 жыл мөөнөткө акысыз жер пайдалануу шартында колдонууга, кийин ушундай эле мөөнөткө узартуу менен бергендиги үчүн анын ордуна Кыргыз Тарап Сауд Арабиясы Тарапка Сауд Арабиясы Королдугунун Элчилигинин объектисин Кыргыз Республикасында куруу үчүн Бишкек шаарында (Тынчтык проспектиси) жайгашкан 20000 кв.м аянттагы жер участогун (жер участогунун жайгашуу схемасы тиркелет) 49 жыл мөөнөткө акысыз жер пайдалануу шартында колдонууга, кийин ушундай эле мөөнөткө узартуу менен берет.
Сауд Арабиясы Тарап акысыз негизде үч миллион АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам бөлүүгө даяр экендигин билдирет.
Кыргыз Тарап жогоруда аталган каражатты Сауд Арабиясы Королдугунун Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттар комплексинин курулушуна жумшоого даярдыгын билдирет.
2-берене.
_____-жылдагы, ал хиджра боюнча ______ туура келет, Элчинин дипломатиялык миссиясынын жана резиденциясынын имараттарын куруу үчүн жерди пайдалануу укугу жөнүндө макулдашуунун (өз аралык принциби) 5-беренесинин б) пункту ушул Макулдашуудан келип чыгуучу укуктук мамилелерге колдонулбайт.
3-берене.
Сауд Арабиясы Тарап ушул Макулдашуунун 1-беренесине ылайык ага берилген жер участогун үчүнчү тарапка берүүгө укуксуз.
4-берене.
Сауд Арабиясы Тарап Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарын сактоого милдеттенет.
5-берене.
Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн жер участогу үчүнчү тараптын карыздарынан, укуктарынан жана талаптарынан эркин түрдө берилет.
6-берене.
Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объектисин жерге жайгаштыруу жана топография-геодезиялык сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн конкреттүү түрлөрүнө жана башка иштерге, курууга Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин бардык чыгымдары, ошондой эле кармоо жана оңдоо, жылытуу, желдетүү, электр энергиясын, суу жана жаратылыш газын пайдалануу үчүн акы төлөөгө байланышкан чыгымдарды Сауд Арабиясы Тарап Кыргыз Республикасында колдонулган ченемдерге жана тарифтерге ылайык өз алдынча төлөйт.
7-берене.
Кыргыз Тарап ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн жер участогунун чектериндеги инженердик тарамдарды өткөрүүгө, ошондой эле Бишкек шаарында коммуналдык курулмаларга зарыл болгон кошууларды уюштурууга жана ишке ашырууга көмөк көрсөтөт. Мында Сауд Арабиясы Тарап Кыргыз Республикасында колдонулган ченемдерге жана тарифтерге ылайык өз алдынча бардык чыгымдарды төлөйт.
8-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда талаш-тартыштар жана кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар аларды сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу аркылуу чечет.
9-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
10-берене.
Бул Макулдашуу Тараптардын ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы кат жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
__________ шаарында 2014-жылдын "__" _______ ар бири кыргыз, араб, англис жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтү үчүн |