Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 9-январы № 3-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 330-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу маселелери боюнча комиссиянын курамында:
курамга төмөнкүлөр киргизилсин:
Садыбакасов А.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Чолоев А.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын хронометраждык иликтөөлөрдү контролдоо жана рейддик контролдоо бөлүмүнүн башчысы;
Эрмеков Б.З. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын начальниги;
Мусаев К.А., Кумашов К.А., Элеманов А.И. комиссиянын курамынан чыгарылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |