Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 16-августу № 330-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 3-б, 2015-жылдын 6-июлундагы № 306-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 "Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибинин 2-пунктуна ылайык:
1. Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу маселелери боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Комиссия өз ишинде "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (арча, жаңгак) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 "Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун жетекчиликке алаары белгиленсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 330-б буйругуна тиркеме |
Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 3-б, 2015-жылдын 6-июлундагы № 306-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Жумаев Н.К | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, Комиссиянын төрагасы; |
Карыбеков Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун орун басары; |
Акматов Б.Ш | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу боюнча оперкызматкери; |
Артыкбаев Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары; |
Осмоналиев Ж.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн сектор башчысы; |
Садыбакасов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; |
Чолоев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын хронометраждык иликтөөлөрдү контролдоо жана рейддик контролдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Эрмеков Б.З. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын начальниги. |