Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 28-июлу № 113
Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык соту жаран Ш.М.Метеевдин, М.Д.Сыдыковдун, Ф.Н.Авасканованын "Цирк артисттеринин конок үйү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 298 токтомунун колдонулушун жараксыз деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата берилген доо арызын өндүрүшкө алгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентинин 97-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы бухгалтери Нурмурзаева Бүбүкалый Чотбаевнага, Кыргыз мамлекеттик циркинин юристи Жолдошева Асель Тахировнага аталган доо арыз боюнча бардык соттук инстанциялардагы сот жыйындарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |