Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2009-жылдын 4-августу № 123
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентинин XI бөлүмүнө ылайык:
1. "Кыймылсыз мүлккө укуктарды өз убактысында каттабагандыгы жана укуктарга чектөө коюлгандыгы үчүн пенияларды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-майындагы № 267 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды өз убактысында каттабагандыгы жана укуктарга чектөө коюлгандыгы үчүн пенияларды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускаманы колдонуу боюнча тиркелген түшүндүрмө бекитилсин.
2. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси-министрдин
2009-жылдын 4-августундагы
№ 123 буйругу менен
бекитилген
Кыймылсыз мүлккө укуктарды өз убактысында каттабагандыгы жана укуктарга чектөө коюлгандыгы үчүн пенияларды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) "Кыймылсыз мүлккө укуктарды өз убактысында каттабагандыгы жана укуктарга чектөө коюлгандыгы үчүн пенияларды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-майындагы № 267 токтому менен бекитилген.
Укук колдонуу практикасында карама-каршылыктарды болтурбоо максатында аталган Нускаманын чыгышына чейин же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин органдарында "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын чыгышына чейин түзүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн кыймылсыз мүлктү ажыратып алууга катталган келишими бар жаранга пения салууга болооруна Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы түшүндүрмө берүүнү суранат.
Мисалы, 1993-жылдын 13-январындагы сатып алуу-сатуу келишими 2008-жылы гана жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгында катталган, ал эми пения Нускама чыккан учурдан баштап, башкача айтканда 2002-жылдан баштап эсептелген жана төлөнгөн эмес.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 24-беренесинде кыймылсыз мүлккө менчик укугу жана башка буюмдук укуктар, бул укуктарды чектөө, алардын пайда болушу, башка бирөөгө өтүшү жана токтолушу бирдиктүү мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш экендиги белгиленген. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин аталган беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Аталган Мыйзам 1998-жылдын 31-декабрында "Эркин-Тоо" гезитинде расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирген.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 3-беренесинде граждандык мыйзам актылары өткөн мезгилге карата колдонулбайт жана ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулаары белгиленген. Мыйзамдын аракети ал аракетке киргенге чейин пайда болгон мамилеге, эгер бул мыйзамда түз каралган учурларда гана жайылтылат.
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинде, эгерде мыйзамдын өзүндө ал өткөн мезгилге карата колдонулаары аныкталбаса ченемдик укуктук акт ал күчүнө киргенге чейин пайда болгон мамилелерге колдонулбай тургандыгы аныкталган. "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ал өткөн мезгилге карата колдонулаары жөнүндө көрсөтүлгөн эмес.
"Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинде ушул Мыйзамдын 4-статьясына ылайык милдеттүү түрдө каттоодон өтүүчү каалагандай укук белгилөөчү же укуктар же аларды чектөө жөнүндө башка документ ал түзүлгөн учурдан тартып отуз күндөн кечиктирилбей каттоо органына берилет, ал эми документ түзүлгөндөн кийин отуз күн өткөндөн кийин берилсе, каттоо үчүн төлөмдөн тышкары, кармаган ар бир күн үчүн пения эсептелет.
2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизилген, ага ылайык 7-берененин 2-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана нормативдик актыларында белгиленген өлчөмдөгү пения" деген сөздөр "пениянын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөргө алмаштырылган.
"Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-пунктун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыймылсыз мүлккө укуктарды өз убактысында каттабагандыгы жана укуктарга чектөө коюлгандыгы үчүн пенияларды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" 2002-жылдын 3-майындагы № 267 токтомун кабыл алган.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык адамдын жана жарандын укуктарына, эркиндиктерине жана милдеттерине карата нормативдик укуктук актылар белгиленген тартипте жарыяланууга тийиш, ал аларды колдонуунун милдеттүү шарты болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин нормативдик укуктук актылары, мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу сырды камтыган башка актыларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө расмий басма сөз органында же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Интернет-порталында жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 41-беренесинде адамдын жана жарандын эркиндиктерине, укуктарына жана милдеттерине тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укук актыларды жарыялоо аларды колдонуунун милдеттүү шарты болуп саналаары белгиленген.
Жогоруда аталган Нускама "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жарыялоо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын топтомунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомостторунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Мыйзамдар жана актылар жыйнагында басып чыгаруу, ошондой эле аларды "Эркин-Тоо" гезитинде жарыялоо расмий болуп саналаары белгиленген.
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жарыялоо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 12-августундагы № 465 токтомунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын "Эркин-Тоо" гезитинде жана Кыргыз Республикасынын Президентинин мыйзамдар жана актылар жыйнагында жарыяланышы аларды расмий жарыялоо болуп саналаары белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-декабрындагы № 681 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарынын нормативдик укуктук актыларын жарыялоо тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин жана ведомстволордун нормативдик укуктук актылары мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу сырды камтыган башка актыларды кошпогондо, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарынын нормативдик актылары" деген "Эркин-Тоо" гезитинин тиркемесинде же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Интернет-порталында милдеттүү жарыяланууга тийиш.
"Кыймылсыз мүлккө укуктарды өз убактысында каттабагандыгы жана укуктарга чектөө коюлгандыгы үчүн пенияларды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-майындагы № 267 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды өз убактысында каттабагандыгы жана укуктарга чектөө коюлгандыгы үчүн пенияларды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускама "Эркин-Тоо" гезитине тиркеме болуп эсептелген, 2002-жылдын май айындагы № 17-18 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик актылары" деген журналда расмий жарыяланган. Бул тиркеме бир айда эки жолу чыкканына байланыштуу тиркеме 2002-жылдын 16-майында жарыяланган.
Ушуга байланыштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды өз убактысында каттабагандыгы жана укуктарга чектөө коюлгандыгы үчүн пенияларды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускаманын жоболору 2002-жылдын 1-июнунан кийин, башкача айтканда расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин пайда болгон укуктук мамилелерге жайылтылат.