Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2012-жылдын 22-марты ПБ № 46
Республиканын коомдук турмушунун саясый, социалдык-экономикалык, маданий чөйрөсүндөгү маанилүү маалыматтарды таратууда Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин олуттуу салымын эске алып жана анын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына байланыштуу:
1.Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин 75 жылдык мааракесине карата даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2.Уюштуруу комитети тиешелүү иш-чаралардын программасын иштеп чыксын жана ишке ашырсын.
3.Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигине 75 жылдык мааракесин өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 50000 (элүү миң) сом бөлүнсүн.
4.Ушул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |
| Тиркеме |
Ниязов Фарид Абилезимович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Таабалдиев Кубанычбек Абдыменович | - Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Раев Султан Акимович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси (коомдук башталышта); |
Токтогулов Кадыр Мирбекович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы; |
Исамидинов Искендер Чоңмурунович | - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору; |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору; |
Орунбеков Бакытбек Орунбекович | - «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору- башкы редактору (макулдашуу боюнча); |
Слащева Тамара Михайловна | - «Слово Кыргызстана» басма үйүнүн директору- башкы редактору (макулдашуу боюнча). |