Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 5-июну № 163
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга Иш-чаралар планына ылайык, 2012-2014-жылдарга Өлкөнү региондук өнүктүрүү стратегиясын толуктап иштеп чыгуу максатында:
1. Эксперттик-жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Нарусбаева Улара Раитовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, эксперттик-жумушчу топтун төрагасы; |
Жунушалиев Мелис Турусбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору, эксперттик-жумушчу топтун төрагасынын орун басары; |
Төмөнкү багыттар боюнча эксперттик-жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
1. Экономика: | ||
Аманова Айсулуу Ажакматовна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын программаларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Салиев Нурлан Абдылдаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин экономика жана финансы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Байдакова Наталья Сергеевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык стратегия жана саясат башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Адылканова Элмира Адылкановна | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин топтомо бөлүмүнүн сектор башчысы; |
Бообеков Кудайменде Аманкушчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жер казынасын жана кен казуу өнөр жайын коргоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Насыров Мухамедураим Насырович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өсүмдүк өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
2. Социалдык чөйрө | ||
Үсөналиев Марат Жолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын начальниги; |
Обозова Тамара Жумабековна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин региондордо искусствону өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Ким Ирина Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттик саясат башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Колопов Иляс | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси; |
Молдалиев Марат | - | Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин жаштар саясатын ишке ашыруу жана иштеп чыгуу бөлүмүнүн башкы адиси; |
Чурмукова Рахат Айдаркановна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин талдоо жана саламаттык сактоо саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси. |
3. Мамлекеттик башкаруу | ||
Акматалиев Мирбек Акматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары; |
Икрамов Санжар Икрамович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги. |
2. Эксперттик-жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке жана Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтуна жүктөлсүн.
3. Эксперттик-жумушчу топ белгиленген тартипте өзүнүн ишине тийиштүү мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту менен бирдикте 2012-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө 2012-2014-жылдарга Өлкөнү региондук өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |