Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 10-июлу № 202
Кыргыз Республикасынын сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 163-6 буйругун жараксыз деп таануу жөнүндө "Борду" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигине каршы берген доо арызы каралгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Боронов Кубатбек Айылчиевичке бардык соттук инстанциялардагы соттук жыйындарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өткөрүп берүү укугу менен ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |