Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2011-жылдын 20-октябры № 195
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 Программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомунун 15-пунктун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 4-пунктун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун 5-пунктунун алтынчы абзацына ылайык:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы принциптери жана тартиби жөнүндө мыйзамдын долбоорун жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын типтүү стандартынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Панкратов О.М. | - | Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; |
Новицкий Н.И. | - | Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жооптуу катчысы; |
Таиров М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Мекен" фракциясынын ишин камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Сатыбекова А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн эксперти; |
Бедаш Ю.В. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Кашкарев А.А. | - | ПРООНдун "Демократиялык башкаруу" программасынын жетекчиси; |
Ниязалиев С.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин акы төлөмө кызматтарды жөнгө салуу жана мамлекеттик органдар менен иштөө бөлүмүнүн начальниги; |
Алыбаев К.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкы башкармалыгынын башкы адиси; |
Парамонов Н.М. | - | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын башкы адиси; |
Градваль С.А. | - | Саясатты өнүктүрүү институтунун эксперти (макулдашуу боюнча); |
Жунушалиев М.Т. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Красин А.Б. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Мадеюев А.Н. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Макенбаева Б.Ж. | - | "Психическое здоровье и общество" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Мурзаев С.К. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын профессору (макулдашуу боюнча); |
Третьяков А.В. | - | Гуманитардык технологиялар институтунун эксперти (макулдашуу боюнча); |
Слепченко Н.С. | - | Коомдук технологиялар борбору долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:
- бир айлык мөөнөттө - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы принциптери жана тартиби жөнүндө мыйзамдын долбоорун;
- үч айлык мөөнөттө - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын типтүү стандартынын долбоорун.
3. Жумушчу топко зарылдыгына жараша төмөнкү укуктар берилсин:
- белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн, чет өлкөлүк эксперттерди жана коомдук негизде консультанттарды ишке тартууга;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап алууга.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Министр - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси |
Н. Момуналиев |