Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 16-ноябры № 346
Кыргыз Республикасынын сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-сентябрындагы № 64-б буйругунун 3-пунктун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин мажбурлап аткартуу жөнүндө "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун доо арызы каралгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Осмоналиев Айбек Шермамбетовичке бардык соттук инстанциялардагы соттук жыйындарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өткөрүп берүү укугу менен ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.С. Момуналиев |