Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жыядын 18-октябры № 285
2012-жылдын январь-февралында жургүзүлгөн аткаруу бийлигинин системасындагы түзүмдүк жана функционалдык өзгөргүүлөрдү жана аны шике ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон проблемаларды талдоону жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын 2012-жылдын 10-октябрындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри койгон мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча милдеттерди эске алып:
1. Жумушчу топтор тиркемеге ылайык курамда, көз карандысыз эксперттерди тартуу менен түзүлсүн.
2. Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү (К.Б.Шадыбеков) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссияда (мындан ары - Комиссия) жумушчу топтордун ишинин натыйжасын жана иштин эффективдүүлүгүн баалоонун бекитилген критерийлерин жана артыкчылыгын эске алуу менен министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин аткарылган иш жөнүндө угуусунун план-графигин 2012-жылдын 20-октябрына чейинки мөөнөттө түзсүн.
3. Жумушчу топтор 2012-жылдын 27-октябрына чейинки мөөнөттө:
- министрликтердин жана ведомстволордун колдонуудагы жоболоруна жана алардын аткарылышынын деңгээлине талдоо жүргүзсүн;
- мамлекеттик органдардын функцияларын чектөө жана ишке ашыруу чойросүндегү бар болгон проблемаларды иштеп чыксын жана аларды чечүү боюнча сунуштарды даярдасын;
- жумушчу топтордун жыйындарында 2012-жылдын январь-февралында жүргүзүлгөн аткаруу бийлигинин системасындагы түзүмдүк жана функционалдык өзгөртүүлөр боюнча аткарылган иштер жана аларды ишке ашыруудагы пайда болгон проблемалар тууралуу министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерин уксун;
- Комиссиянын жыйындарында кароо үчүн мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды даяпдасын.
4. Жумушчу топтордун ишинин алкагында алардын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистерин тартууга жана зарыл болгон маалыматты сурап алууга укук берилсин.
5. 2012-жылдын январь-февралында жүргүзүлгөн аткаруу бийлигинин системасындагы түзүмдүк жана функционалдык өзгөртүүлөрдү жана аларды шике ашыруудагы пайда болгон проблемаларды талдоо боюнча, ошондой эле тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча ишти координациялоо жана контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары М.К. Мукамбетовго жүктөлсүн.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н. Момуналиев |
Тиркеме
№ 1 жумушчу топ
| |
Мукамбетов Мурат Кайратбекович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; |
Ахметова Нурсулу Меирбековна | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Мусабеков Алмазбек Обосбекович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Каниметов Кубат Абдулдаевич | "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруусунун потенциялын көтөрүү" долбоорунун жетекчиси; |
Цой Mан Су | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин "СВЕМ" консультанты; |
Орозбаев Эмиль Мусинович | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Слепченко Наталья Сергеевна | Кыргыз Республикасынын Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперти. |
№ 2 жумушчу топ
| |
Шадыбеков Куванычбек Баймуратович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Тарбинский Олег Станиславович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары |
Жаркынбаев Аязбек | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Третьяков Александр Викторович | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Үчкемпирова Роза Маулетовна | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Самаган Карыя | Кыргыз Республикасынын Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперти. |
№ 3 жумушчу топ
| |
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Жунушалиев Мелис Турусбекович | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Курманова Айдай Эркиновна | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Саякбаев Тилек Жеңишбекович | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин саясатты иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы; |
Пономарев Сергей Васильевич | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Сырдыбаев Сүйүнбек Мадылбекович | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Бекташев Кубанычбек Жумаевич | Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперти. |
№ 4 жумушчу топ
| |
Жакыпов Жеңиш Илебаевич | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Черноморец Виктор Викторович | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары |
Сокобеев Егор Леонидович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматтык-аналигика секторунун башчысы |
Сагындыков Турат Арстанбекович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Карабаев Тимур Эднанович | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо жана экспертиза кызматынын начальнигинин орун басары; |
Бекиев Бекболот Жапарович | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |