Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2011-жылдын 9- февралы № 67
Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунда "SK Ideal house" (СК Идеал Хаус) жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 97 "СК Идеал Хаус" жоопкерчилиги чектелген коому мыйзамсыз курган курулмаларды мамлекеттин менчигине өткөрүү жөнүндө" Декретин жараксыз деп эсептөө тууралуу доо арызы каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктунун он тогузунчу абзацына таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министри Илебаев Нурдин Эмильевичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен ишеним кат берилсин.
Министр Өкмөттүн Аппарат жетекчиси |
Н. Момуналиев |