Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 10-январы № 5-б
Берлин шаарында (Германия Федеративдүү Республикасы) 2014-жылдын 17-26-январында болуучу "Жашыл жума - 2014" жыл сайын өтүүчү эл аралык көргөзмөгө даярдануу жана айыл чарбалык продукцияларды өндүрүүчүлөрдүн ага катышуусун камсыздоо, ошондой эле кыргыз продукциясын дүйнөлүк рынокторго жылдыруу максатында:
1. "Жашыл жума - 2014" эл аралык көргөзмөсүнө айыл чарбалык жана кайра иштетилген экспорттук продукциялардын үлгүлөрүн даярдоону жана алдыга жылдырууну камсыздоо боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары - уюштуруу комитети) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Уюштуруу комитети:
- "Жашыл жума - 2014" көргөзмөсүнө катышуучу Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин курамын жана көргөзмөгө коюу үчүн алардын чыгарган товарларын логистикалоо үчүн сумманы аныктасын;
- "Жашыл жума - 2014" көргөзмөсүн уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражаттарды тартуу жөнүндө маселени эл аралык финансылык институттары жана бизнес-коомдоштуктары менен биргеликте иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөргө көмөк көрсөтсүн:
- дипломатиялык каналдар боюнча "Жашыл жума - 2014" көргөзмөсүнө жиберилген товарларды тариздөөдөгү бажы жол-жоболорун жүргүзүүдө;
- Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги менен бирдикте "Жашыл жума - 2014" көргөзмөсүнүн катышуучуларын жайгаштырууда;
- "Жашыл жума - 2014" көргөзмөсүнө катышуучу Кыргыз Республикасынын ишкерлери үчүн визаларды тариздөөдө.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Жашыл жума - 2014" көргөзмөсүнө коюу үчүн экспорттук айыл чарбалык жана кайра иштетилген продукциялардын үлгүлөрүн - жүктү бажы чек арасында тариздөөдө ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен бирдикте аталган көргөзмөгө коюу үчүн чыгарылган продукциялардын, коштоочу техникалык документтеринин тариздөөдө жана берүүдө көмөк көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен бирдикте аталган көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин катышуусу боюнча иштерди координациялоону камсыздасын.
7. Жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргыз Республикасынын айыл чарбалык жана кайра иштетилген продукцияларды өндүрүүчүлөрдүн "Жашыл жума - 2014" көргөзмөсүнө даярдык көрүүсүнүн жана катышуусунун жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 5-б буйругуна тиркеме |
Узакбаев Чынгысбек Макишович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Мүсүралиев Нурлан Жолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын кеңешинин төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Исраилов Азысбек Асымканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Нургазиев Рысбек Зарылбекович | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Шамкеев Бакытбек Абылкасымович | - | Кыргыз Республикасынын Соода өнөр-жай палатасынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Франк Эбингер | - | Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомдоштугунун Туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү программасынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Узагалиева Асел Замирбековна | - | Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомдоштугунун "Туруктуу экономикалык. өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча); |
Турдукулова Асел Бакаевна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Америка департаментинин атташеси; |
Кожоев Талантбек Көкүлбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин административдик колдоо башкармалыгынын начальниги; |
Асылбеков Жумабек Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг башкармалыгынын начальниги; |
Беккулиева Анара Токтонбековна | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш өндүрүмдөрүнүн сапаты бөлүмүнүн башчысы; |
Орозбеков Алымбек Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестиция башкармалыгынын донордук жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Кудабаев Тынчтыкбек Зарылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; |
Абдыкасым уулу Бегаалы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик . бажы кызматынын Бажы. иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын бажылык контролдоо жана тариздөө башкармалыгынын бажылык контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору. |