Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
2014-жылдын 21-январы № 12-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-октябрындагы № 462-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын мындан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия эки айлык мөөнөттө 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл болгон учурда министрликтердин, административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын иштин уюштуруучулук-техникалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 12-б буйругуна тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-октябрындагы № 462-б буйругунун редакциясына ылайык)
Диль Валерий Исидорович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Ишекеев Назаркул Ишекеевич | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Кадыркулов Мукай Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Тайлаков Кеңешбай Доскулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Исаков Эркин Абдыкасиевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору; |
Ибраимов Албек Сабирбекович | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча). |