Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 27-январы № 17-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 43-б буйругунун редакциясына ылайык)
"О.К.К.В." жоопкерчилиги чектелген коому жана үлүшчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасына каршы демилге кылынган арбитраждык териштирүүдө укуктук коргоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргоо үчүн юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча эл аралык юридикалык компанияны тандоо максатында:
1. Эл аралык юридикалык компанияны тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте эл аралык юридикалык компанияны бир булактан методу менен тандасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тандап алынган эл аралык юридикалык компания менен юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө келишим түзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тандап алынган эл аралык юридикалык компаниянын юридикалык кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө үчүн 2014-жылы белгиленген тартипте финансы каражатын издеп тапсын.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна тандап алынган юридикалык компанияга тапшырмаларды берүү, аны менен консультацияларды өткөрүү жана андан отчетторду алуу боюнча милдеттер жүктөлсүн.
6. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 17-б буйругуна тиркеме |
Эл аралык юридикалык компанияны тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 43-б буйругунун редакциясына ылайык)
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Баяманова Зуура Эдуардовна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы; |
Оторбаев Эринес Мотойович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Шерипов Нурлан Турганбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Карыбеков Талайбек Аманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун орун басары; |
Молдоканов Шамшибек Имашович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы. |