Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 27-январы № 20-б
Советтик армиянын Афганстандан чыгарылышынын 25 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, жаштарды аскердик-мекенчилдик тарбиялоону жакшыртуу, күжүрмөн аракеттердин ардагерлерине, согушта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Советтик армиянын Афганстандан чыгарылышынын 25 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети Советтик армиянын Афганстандан чыгарылышынын 25 жылдыгына арналган иш-чаралардын планын бир жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу комитетине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
4. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
5. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Б.Мамытовго жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 20-б буйругуна тиркеме |
Мамытов Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Төрөбеков Н.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Капаров Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Орузбаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Рыспаев К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Бокоев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жусубалиев Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары; |
Усубалиев Т.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Мамасыдыков Р.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары; |
Шадыхаков К.Т. | - | Кыргыз Республюсасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы; |
Сыдыгалиев Н.О. | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Белекова Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары; |
Куйкеев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Саралинов М.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору; |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Бердникова Е.А. | - | "5-канал" жабык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Жумагулов С. | - | "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" - телерадиоберүү коомдук компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу; |
Осмонов К. | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору; |
Жунушалиев Т.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусүндагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу; |
Кайыпов А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Каптагаев Э.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Курманалиева К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Төрөмаматов Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жээнбеков С.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Раззаков Ж.П. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кулматов К.К. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Кадырбаев А.Т. | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча). |