Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 29-январы № 21-б
Брюссель шаарында (Бельгия Королчулугу) 2014-жылдын 17-22-февралында болуучу Европа союзу - Кыргыз Республикасы кызматташтык боюнча комитетинин он экинчи жыйынынын жана Европа союзу - Кыргыз Республикасы соода жана инвестициялар боюнча чакан комитетинин он үчүнчү жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Брюссель шаарына (Бельгия Королчулугу) Кыргыз Республикасынын делегациясынын баруусуна байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-январындагы № 21-б буйругуна тиркеме |
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынан Европалык союз менен кызматташтык боюнча улуттук координатору, делегациянын башчысы; |
Оторбаев Эринес Мотойович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Кадыркулов Мукай Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Шайымкулова Айнура Токтогуловна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Курманбаева Аида Маратовна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Исаев Асеин Кусеинович | - | Кыргыз Республикасынын Бельгия Королчулугундагы иштеринде убактылуу ишенимдүү адамы. |