Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-августу ПБ № 118
2013-жылы Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин кезектеги он үчүнчү жыйналышын өз убагында даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү, ошондой эле чет мамлекеттердин жана расмий делегациялардын башчыларын кабыл алууну камсыз кылуу максатында:
1. 2013-жылы Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин кезектеги он үчүнчү жыйналышын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) кызмат орду боюнча төмөнкү курамда тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети:
- 2012-жылдын 1-октябрына чейин тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- пландаштырылуучу иш-чаралардын негизинде чыгымдардын сметасын түзсүн жана бекитсин;
- № 1 Мамлекеттик резиденциянын аймагында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин (ШКУ) башчыларынын Кеңешинин кезектеги он үчүнчү жыйналышын өткөрүүгө арналган администрациялык имаратты долбоорлоо жана курууга байланышкан иш-чараларды координациялоону жүзөгө ашырсын.
3. Уюштуруу комитетине белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын адистерин тартууга, ошондой эле аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл материалдарды жана маалыматты сурап алууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
"Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы администрациялык имаратты долбоорлоого жана курууга башкы заказчыны аныктасын;
- № 1 Мамлекеттик резиденциянын аймагында администрациялык имаратты долбоорлоо жана куруу, ага чектеш аймакты ыңгайлаштыруу, келүүчү жолдорду жана инженердик тармактарды төшөө үчүн жер участогунун аянтын белгилесин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- администрациялык имаратты өз убагында долбоорлоону, курууну жана пайдаланууга берүүнү камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн;
- ушул буйруктан келип чыккан башка иш-чараларды жүзөгө ашырсын.
6. Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы № 1 Мамлекеттик резиденциянын аймагында администрациялык имаратты долбоорлоого жана курууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте техникалык, архитектуралык-пландаштыруу шарттарын кошо алганда тийиштүү уруксаттарды берүүнү камсыз кылсын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |
| Тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
ШКУнун Кыргыз Республикасынан улуттук координатору, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министри;
Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана антимонополиялык саясат министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары - уюштуруу-инспектордук иш жана региондук мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы - Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы;
Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондунун башкармасынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын мэри;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын колбашчысы;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти;
"Манас" "Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынан ШКУнун Жаштар Кеңешинин Улуттук бөлүгүнүн координатору.