Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 7-февралы № 33-б
2014-жылдын 10-22-февралында Колумбия округу, Вашингтон шаарында (АКШ) болуучу "CASA-1000" электр энергиясын берүү долбоору (мындан ары - "CASA-1000" долбоору) боюнча өкмөттөр аралык кеңештин, "CASA-1000" долбоорунун биргелешкен жумушчу топторунун жыйындарына катышуу жана аталган долбоорду андан ары ишке ашыруу боюнча эл аралык финансылык институттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана "CASA-1000" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтык протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 33-б буйругуна тиркеме |
Артыкбаев О.М.(*) | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, делегациянын башчысы; |
Жоошбеков З.С.(*) | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Бадыкеева Н.Н.(*) | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Сакебаев Э.А.(*) | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл аралык иштер боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Турусбеков Б.С.(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; |
Адамкулова С.Э.(*) | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Байгөнчөков М.К.(*) | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Калиев А.Р. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Мукамбетов С.Т.(*) | - | Кыргыз Республикасьшын экономика министринин орун басары; |
Шаршеналиев Б.А.(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Айткулов М.А. | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Исраилов А.Н. | - | "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары. |
(*) 2014-жылдын 16-февралынан тартып Вашингтон шаарына командировкага жиберилет.